www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын илгерилетүү, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзүп жаткан интернат мекемелерди оптималдаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, ошондой эле үй-бүлө институтунун ролун көтөрүү максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү. Буйрукка Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын  Жетекчисинин биринчи орун басары  Досалы Эсеналиев кол койду.

Эксперттик жумушчу топ интернат мекемелерин оптималдаштыруу, балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын илгерилетүү, баланын үй-бүлөдө жашоо укугун коргоо, оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө көмөк көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы боюнча кырдаалды иликтеп чыгып жана анын натыйжасы боюнча тиешелүү сунуштарды 2018-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүүсү тапшырылды.

Эксперттик жумушчу топтун курамы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле балдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын камсыз кылуу ишин активдүү жүргүзгөн, үй-бүлөлүк чөйрөдө балдардын укуктарын коргогон, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп кызматтарын түзүп жардам кылган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 19-июлунда Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо маселелерин көтөргөн.

Мамлекет башчысы 27-июлда «Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованы балдар үйлөрүнүн системасын реформалоо тууралуу маселелерди  терең талдоо максатында кабыл алган. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдында балдар үйлөрү жана интернат тибиндеги  балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумушчу топту түзүү чечими кабыл алынган.

Эксперттик жумушчу топтун курамы:

 

Эсеналиев Д.А.                                       Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, эксперттик жумушчу топтун төрагасы;

Карыбаева М.А.                                     Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, эксперттик жумушчу топтун төрагасынын орун басары;

Турдубекова Н.У.                                  “Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фондунун директору,  эксперттик жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү:

Алтыбаева А.Т.                                        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Касымалиева А.К.                                   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Супаналиев Б.Т.                                       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кудайбердиева Г.К.                                 Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Чолпонбаев  К.С.                                     Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Исакунова Т.Б.                                         Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Кармышаков У.Т.                                    Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Акматалиев М.К.                                     Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын прокурору;

Медетбекова Г.К.                                     Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;

Джакубова Н.И.                                       “Балалык институту” коомдук фондунун президенти (макулдашуу боюнча);

Орозбаева О.К.                                        “Кыргызстан SOS Балдар айылдарынын” үй-бүлөлүк формадагы камкордук боюнча программалык директору (макулдашуу боюнча);

Исаков С.А.                                              Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эксперттик жумушчу топтун катчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости