www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдик» тууралуу мыйзамга, «президент башкы прокурорго ар-намысын коргоо боюнча кат жүзүндө атайын өтүнүч келтирген учурда гана башкы прокурор президенттин ар-намысын коргоону колго алыш керек» деген түзөтүү киргизүүнү сунуш кылууда.

Депутат буга: «Бул жерде жарандык мамиле болуш керек. Биз президент жактоочу жалдап, сотто кызыкчылыгын коргото турган деңгээлге жетишибиз керек», – деп жүйө келтирди.

Бирок мындай пикирге мурунку башпрокурор Кубатбек Байболов бул сунуш жыйынтыгын бербейт деп белгиледи. Ал Конституцияда баары мыйзам алдында бир деп жазылганына токтолуп, «Кодексте прокурор психикалык жана физикалык жактан алсыз адамдарды коргойт деп жазылган. Президент андай эмес да. Бирөөңөр көрдүңөрбү прокурордун согуштун ветеранына же афганчыларга жардам бергенин. Жок, андайды уккан да эмессиңер. Ошондо элге бир мыйзам, а бийликке башка мыйзам болуп калып жатат», – деп билдирди.

Булак: "Фабула"

Последние новости