www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун 22-мартка Хатлон облусуна белгиленген сапары белгисиз себептерден улам кийинкиге жылды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу облустук акимчиликке шилтеме кылып кабарлады.

Мекеме өкүлүнүн айтымында, мамлекет башчы аймакка эми 24-25-март күндөрү келиши мүмкүн.

Өткөн жумада президенттин социалдык маселелер боюнча кеңешчиси Абдужаббор Рахмонзода Эмомали Рахмон Хатлон облусуна 22-мартта бара турганын билдирген. Аталган облустун башчысынын басма сөз катчысы президенттин бул сапары өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына даярдык көрүү иштерине байланыштуу экенин айткан.

Ал ортодо айрым Twitter колдонуучулары менен басылмалар Эмомали Рахмон эл алдына 10-марттан бери чыга электигин, анын милдеттерин аткаруу улуу баласы, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Рустами Эмомалиге жүктөлгөнүн кабарлап жатышат.

bne.intellinews сайты мамлекет башчынын көптөн бери эл алдына чыкпаганы анын саламаттыгы начарлап кеткендиги тууралуу кептерди жаратып жатканын жазды.

18-мартта Eurasianet сайтынын редактору Питер Леонард «Твиттердеги» билдирүүсүндө президенттин басма сөз кызматы 5-марттан бери мамлекет башчынын бир дагы жаңы сүрөтүн жарыялабаганын белгилеген.

21-мартта Эмомали Рахмондун басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода президенттин саламаттыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мамлекет башчынын акыркы күндөрү жүктөгөн сүрөттөрүнүн баары жаңы экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости