www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин иш башкармалыгы «Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын демонтаждоо иштеринин себебин билдирди.
Расмий маалыматта: «Ысык-Көл» мейманканасы көп жылдан бери колдонулбай, эскирип жана авариялык абалда. Бул имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана мүмкүн эмес. Ал гана эмес, ал башкаларга коркунуч туудурат. Сырты курчалганына карабай шаардыктар аймагына кирип кеткен учурлар көп.
Имарат урап кетиши мүмкүн жана мейманкана аймагында жүргөн адамдар жабыркап калышы ыктымал. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак», - деп айтылат.
Булак: NazarNews.kg