www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин кадр саясатына ким собатаж кылууда?

Белгилүү болгондой, мамлекеттик кызматкерлер аппаратын кыскартуу жана оптималдаштыруу максатында Кыргызстанда статс-катчылар институту жоюлган болчу. Дал ушул кызматты аркалагандар коррупциялык схемаларга жакын экенин коомчулук айтып келген.

Анткени алар мамлекеттик органдардагы кадр саясаттын жүргүзөт. Бирок, айрым мамлекеттик органдары бул кызматтардын аталышын гана өзгөртүп, ушуга чейин иштеп келген статс-катчыларды ордуларына калтырып коюшкан.

Мисалы Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги статс-катчысы Жапаркул Ташиев жана Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыханов өз ордуларына калышты. Болгону, министрдин орун басарлары деп өзгөртүп алышкан.

Калыс Шадыханов боюнча соцтармактарда ар кандай терс маалыматтар жазылып келет. Бул кишини көптөгөн коррупциялык иштерге тиешеси бар дегендер да чыгышкан.

Жарандык активист Бурул Макенбаеванын айтымында, Калыс Шадыханов медициналык академиясынын ректорунун шайлоосуна киришип, мыйзамсыз иш аракеттерди кылган.

Ошондой эле бул чиновник президент С.Жапаровго жалган маалыматтарды жеткирип, кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдаланган. Коррупция менен күрөшүү кадр саясатынан башталарын унутпаш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости