www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болду. Бул тууралуу саясатчы "Жалбырак ТВ" медиасынын "Facebookтагы" баракчасында түз эфирде билдирди. Ал кол салгандар уюк телефону менен көз айнегин алып кеткенин айтты.
"Бийлик буларды таап камабаса шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт. Менин оюмча мындай коркутуп-үркүтүүлөр мындан кийин да күчөйт", - деди Текебаев.
Саясатчыга үч маршрутка менен 70ке жакын адам барганы айтылды. Өмүрбек Текебаев муну саясий ишмердиги менен байланыштырды.
Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого "Ата Мекен" партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.
Булак: NazarNews.kg