www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясатта Чолпон Жакупова деген айым бар. Адилет клиникасын жетектейт. Адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барат. Мына ушул айым эки жыл мурда мамлекетте болуп жаткан маанилүү окуяларга сарэсеп салып, мыйзамсыз аракеттер тууралуу пикир билдирип турчу. Анан эле кумга сиңген суудай үнү чыкпай калды.
Башкача айтканда, Садыр Жапаров бийликке келген соң, чээнге кирип бекинди. Баягы Атамбаевдин учурундагыдай күндө ач-айкырык салган Жакуповадан дайын жок. Караса көзгө илинбейт, кайда экени билинбейт.
Көрсө, Жакупова Садыр Жапаровдун кудагыйы болот экен. Президенттин агасы Сабыр Жапаровдун кызын келин кылып алган экен. Ошол үчүн, эки жылдан бери тилин тишине басып, көрмөксөн, билмексен, укмаксан болгон позицияны карманып, төө кушчасынан башын кумга киргизип алган кербези тура.
Булак: NazarNews.kg