www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-июлда президент Садыр Жапаров Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстандын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташууга артыкчылыктуу маани берерин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2023-2027-жылдарга карата Кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу жана тез арада кол коюу зарылдыгын баса белгиледи.

Президент 2022-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусундагы Төртүнчү тегерек столдун жүрүшүндө Ислам өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилген бир катар конкреттүү долбоорлорду кароону тездетүү маселесин козгоду. 

Белгилүү болгондой, топтун мүчөлөрүнүн кароосуна турак жай куруу, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарында инвестициялык долбоорлор коюлган.

“Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы жана "Корумдудан Балбай баатырга чейин 104-184,5 км Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо" долбоорлорун каржылоого өзгөчө көңүл бурулду. 

Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер Садыр Жапаровго биргелешкен жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Банктын Кыргызстан менен кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгилеп, мындан ары да эки тараптуу өз ара аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даярдыгын баса белгиледи.

Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер жолугушууда айтылган долбоорлор боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөрүн, алардын алдыга жылышы анын жеке көзөмөлүндө болорун өзгөчө белгиледи. Анын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстанга ИӨБ эксперттик миссиясы кыргыз тарап менен жогоруда белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулоо үчүн жөнөтүлөт.

Ошондой эле ал Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоордук кызматташтыкты ийгиликтүү улантууга үмүт артарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости