www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 1-туруна арыздарды кабыл алуу аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалым болгондой, 17-июль саат 08:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин созулган биринчи турда 26 миң 546 арыз катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, абитуриенттердин эң көп талонун Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (3838), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (3690) жана Ош мамлекеттик университети (3352) алды.

Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости