www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин кудасы Алишер Усманов 1992-жылы баш кошуп, ырыс -кешикте жашап келаткан «хотини» Ирина Винерди көзүнө көрсөтпөй жоготуп, ажырашмай болду. Анткени, Батыш койгон санкциядан улам Алишер Усманов миллиардаган доллар акчасынан айрылып, жинин чыгаргысы келип турган. Ажырашуу процесси Москва шаарында 2022-жылдын 7-июнунда болот. Албетте, бул ажырашууда Алишер Усманов доогер, ал эми анын миллиардарынан ажырагысы келбеген түбү еврей Ирина Винер  жоопкер катары катышат.

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Евросоюздун санкциялык тизмесине киргизилгени үчүн Европа сотуна кайрылган,андан деле жарытылуу натыйжа чыккан эмес. Миллиарддарынан ажыраган  бизнесмен Европа Кеңешине каршы арызданганы «текей тергнендей» эле болду. Алишер Усманов – Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кудасы. Соттун маалымат кызматы кабарлагандай, доогер Кеңештин ага карата киргизген чектөөлөрүн жоюп, сот чечими чыкканга чейин тыюу чараларынын аткарылышын токтотууну талап кылууда.Европа биримдиги Усмановго каршы Орусия Украинага кол салгандан төрт күндөн кийин – 28-февралда санкция киргизген. 4-мартта санкциялык тизмеге андан тышкары орусиялык бизнесмендер Михаил Фридман, Петр Авен жана Алексей Мордашев да киргизилген. Талдоочулар орусиялык бизнесмендер 2022-жылдын башынан бери 45 миллиард долларынан ажыраганын эсептеп чыгышкан. Алишер Усманов 1,63 миллиард долларынан кол жууган. Евро Биримдик  Песков баш болгон 25 орусиялыкка санкция жарыялады. Көптөгөн саясатчылардын арасында Алишер Усманов да бар. Алишер аке Путиндин этегине «тооп» кылып кудайында сыйынып жүргөн, ага санкция жарыяланып, акчасынын бары тоңдурулар менен кылтылдай баштады. Ал Эл аралык фехтования федерациясын башкарууну токтотуп, актанып чындык издей баштады. Миллиардер Алишер Усманов Путинге кудайындай сыйынбай өз байлыгын аман сактап калууну ойлой баштады.

Апрелде Кипр орус байларын “алтын паспорттон” ажыратары, алардын арасында Усмановдун карындашы Гүлбахор Исмаилова да бар экени айтылган. 13-апрелде Улуу Британия Евробиримдик менен кеңешип, Орусияга каршы санкциялык тизмени кеңейткен. Ага дагы 206 бизнесмен менен саясатчы жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү киргизилген. Бул тизмеде Алишер Усмановдун да эки карындашы бар. Алардын Улуу Британиядагы активдери тоңдурулуп, өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган.

2016-жылы президенттик такка отурган Шавкат Мирзиёев Алишер Усмановду «Эл-Юрт Хурмати» ордени менен сыйлаган. Акыркы жылдардан бери ал Ташкент менен Кремлдин саясий жана экономикалык кызматташтыгында маанилүү роль ойноп келет. Алишер Усманов байлыгы менен Өзбекстанды багып алам деп көп айтат. Өткөн жылы Кыргыз президенттигине талапкер катары өзүнүн короо шыпыргычы Бабуржон Тольбаевди койгон. Ислам мамлекетинин  жашыл Туусун миң жылдан ашуун убакыттан бери көтөрүп келаткан Өзбек мамлекети 2021-жылдын аягынан баштап өкмөттүн 2535-Токтомунун негизинде Өзбекстанда көп аял алууга уруксат берилди. Тарыхка көз салсак, Араб мамлекети ислам динин кабыл алып, Араб халифатын орноткон соң, алгачкылардан Мавеннахрга же Аму-Дарыясы менен Сыр-Дарыянын ортосундагы калкка келип ислам динин орноткон. Андан соң Кытайды көздөй жылып баратканда, азыркы Талас облусунун аймагында дүйнөлүк тарыхта он улуу салгылашууну бирине айланган чоң салгылашуу болгон. Бул салгылашууда жергиликтүү элдин колдоосу менен Арабдар жеңишке жетишкен. Бирок, арабдардын Кытайды көздөй жортуулу токтогон, ал эми кытайлыктардын Борбор Азияга көзөмөлдүк кылуусу тамам болгон.

Албетте, учурда Өзбек мамлекетинде калкынын саны отуз миллиондон ары ашып баратканы белгилүү, алардын ичинде кээ бир кыргыздарга окшоп өзбектешип кеткен, башка калктын ээлери да бар. Анткени, көп заман боюу Борбор Азиядагы калктар бири-бири менен менталитетте жашаган. Совет мамлекети орногон соң, бул жердегилерге өз республикасын орнотууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ар кандай имиштерде Кыпчак Республикасын түзүүгө багытталып, бир топ кыргыз, кыпчактар Өзбекстандын аймагында калган, кийин булар мезгилге жараша өзбек калкына сиңип кетип баратат. Мавеннахр көп элдердин аралашмасы болгон, Дешти-Кыпчак талаасынан Өзбек хан бул аймакка көз артып өз бийлигин орноткон. Жаңы республикалар түзүлүп жатканда, мурунку Бухара, Кокон, Хива хандыктарынын кээ бир бөлүктөрүн чогултуп, Өзбек ССРи түзүлөт.

Эгер өзбектерде көп аял алууга уруксат берилсе, Өзбекстандын эки эсе көбөйүшүнө шарт түзүлөт. Куран ал-Каримдин шарты боюнча төрт аял алууга уруксат берилген, кап аттиң, төрт эркекке тийсин деп деле кийирип койсо болмок, аялдардын жинине тийбей. Бүгүнкү түрк элдеринин аймагында өзбектер да өлүү эл карлуктар менен өзүнчө топту түзөт.

Ашына Өзбекстандын биз менен чек арасынын узундугу 1378 чакырым, азырынча толугу менен такталып бүтө элек. Коронавирус дарты биз сыяктуу Өзбекстанды да аралап жүрөт. Авторитардык бийлик өкүм сүргөндүктөн атайын видео тартышкан. Бул видеодо бизге окшоп таскакташпай, 34 миллион калкы бар Өзбекстандын айыл-шаарларында жан киши көрүнбөйт. Бирок,  Өзбекстандын вице премьер-министри Уктам Барноев коронавирус инфекциясынан улам каза болгон.  Маркум Уктам Барноев 56 жашта болчу. Ага COVID-19 диагнозу июль айында коюлган. Ал буга чейин Өзбекстандагы "Акфа Медлайн" менчик клиникасында дарыланып, кийинчерээк дарылануусун Германияда уланткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости