www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн аймактарды кыдырууда

Бүгүн, 20-майда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун табигый кырсыктардан жабыр тарткан Кадамжай шаарынын Орозбек айыл өкмөтүн жана Лейлек районунун айылдарын кыдырууда.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, май айынын биринчи жана экинчи он күндүгү жаан-чачындуу болуп, өлкөнүн түштүгүндө табигый кырсыктар катталып Жала-Абад, Ош, Баткен облустарынын бир топ айылдарын сел каптаган.

Мындан улам селдин кесепеттерин жоюну, дамбаларды, жээктерди бекемдөө иштерин жеринде көрүү максатында министр Ажикеев иш сапары менен түштүк аймагында жүрөт.

Буга чейин жаз-жай мезгилдеринде жүрүүчү селдин алдын алуу иштери ӨКМ тарабынан жасалган. Аймактардагы сел өтүүчү каналдарды, арыктарды тазалоо, жээктерди, дамбаларды бекемдөө иштеринин жүргүзүлгөнүнө карабай бир катар айылдарды сел каптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости