www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров учурдагы Өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик кызматын тапшырбастан туруп кайра шайлоого талапкер боло аларын айтты. Анын айтуусунда ага мыйзам жол берет. Бирок бул жерде элдин көңүлүн өйүгөн маанилүү жагдай, мындай шартта шайлоо чындап эле адилет өтөбү, атаандаштардын мүмкүнчүлүгү чындап тең болобу?
Дегенибиз, президент катардагы талапкер эмес. Анын колунда мамлекеттик аппарат, аймактык бийлик менен түз байланыш, маалыматтык жана админресурс бар. Демек, кагаз жүзүндөгү теңдик менен реалдуу атаандаштыктын ортосунда чоң айырма жатат. Башкача айтканда, мыйзам алдында талапкерлер тең болгону менен, реалдуу саясий мүмкүнчүлүктөрү бирдей болбойт.
Ошондуктан «административдик ресурс колдонулбайт» деген билдирүү жетишсиз. Коомго так механизм керек. Президенттин кызматтык иши менен үгүтү кандай ажыратылат? Мамлекеттик телеканалдар анын ишмердигин канчалык деңгээлде көрсөтөт? Мамлекеттик кызматкерлердин катышуусу кайсы учурда административдик ресурс болуп эсептелет? Башка талапкерлерге маалымат мейкиндигинде кандай тең мүмкүнчүлүк берилет?
Анткени шайлоонун легитимдүүлүгү добуштар саналганда эмес, ага чейинки шарттан башталат. Эгер коомдо «президент өзү талапкер жана ошол эле учурда мамлекеттик бийликтин башында турат» деген түшүнүк үстөмдүк кылса, шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, анын адилеттүүлүгүнө шек жаралышы мүмкүн. Мындай жеңил жол ар дайым эле олжолуу болуп, ийгилик алып келе бербешин унутпашыбыз керек.
Мыйзам уруксат берген нерсенин баары эле демократиялык жактан калыс боло бербейт. Андыктан, президенттин кызматта туруп шайлоого катышуусу мыйзамдуу болушу мүмкүн. Бирок мыйзамдуулук менен кошо адилеттик да камсыз болобу чоң суроо жаратат? Себеп дегенде ким жеңгени гана эмес, кандай шартта жеңишке жеткени да орчундуу. Демек, жеңишке алып барган жолдун да таза болушу шарт.