www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү Мариповдун ишин текшерди

Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү Ноокат райондук ооруканасынын жетекчиси Асамидин Мариповдун ишмердүүлүгүн текшерип, административдик ресурс колдонгонун аныктай алган эмес.

Облустук өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулунун айтымында, Мариповго карата айтылган доолор далилденген жок.

"Комиссиянын мүчөлөрү оорукананын дарыгерлеринен сураган учурда, алар тастыктаган эмес. Ошол эле учурда райондук ички иштер бөлүмүндө иш тергелүүдө. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек".

Асамидин Мариповдун үстүнөн президент Садыр Жапаровго арыз жазылып, 19-ноябрда атайын комиссия түзүлгөн. Арыз ээлери дарыгерди ооруканадагы кызматкерлерди өзүнүн талапкер уулу Бакытбек Мариповго добуш берүүсү үчүн кысым көрсөтүп жатканын айтышкан.

Райондук оорукананын жетекчиси Асамидин Марипов "Азаттыкка" курган маегинде айыптоолорду четке кагып, айдын башында эле эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин айткан.

№5 Ноокат шайлоо округунан анын уулу - Бакытбек Марипов талапкерлигин койгон. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости