www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого катышып жаткан “Кыргызстан жашылдар” партиясынын тизмесиндеги үч талапкер бийликти басып алууга шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын өзгөчө маанилүү иштер  боюнча улук тергөөчүсү Дамир Суваналиев БШКнын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Руслан Акматбеков, Бекназар Купешов, Нурис Сүйөркуловдор саясий күчтөрдүн колдоосу менен шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык уюштурууга камынып жаткан. Анын арты менен мамлекеттик бийликти басып алууга даярданган.

Тергөөчү аталган талапкерлерге карата жетиштүү далилдер чогултулганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сурады. Суваналиев тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин чоо-жайын ачыктоодон карманарын эскертти.

Натыйжада БШКнын мүчөлөрү 10 добуш менен үч талапкерди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул чечим жарыштан четтетүүгө жатпай турганын жана аларга добуш бере берсе болорун билдирди.

Шайлоо мыйзамына ылайык, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, талапкер шайлоонун натыйжасы расмий жарыяланганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартуу, кармоо, камакка алуу же жаза чараларын колдонуу мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМК менен ИИМдин иликтөөсүнүн натыйжасында бийликти күч менен басып алууга даярданып жаткан деген шек менен 15тен ашык жаран кармалганы кабарланган. Алардын арасында депутаттар менен экс-чиновниктер, талапкерлер бар экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости