www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Украинадагы төңкөрүш жасоо планы эч качан болгон эмес деп билдирди.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский колунда Орусия менен Украинанын өкүлдөрү киевдик бизнесмен Ринат Ахметовдун төңкөрүшкө катышуусун талкуулап жатканы жана буга «миллиарддаган долларлар» тартылып жатканы тууралуу жүйөлүү материалдар бар экенин айткан.

«Орусия катышууну пландаган эмес. Орусия эч качан мындай иштер менен алектенбейт», - деди Песков.

Буга чейин Песков Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү пландары жок экенин айткан. Ошондуктан ал америкалык жана украиналык маалымат каражаттарында Москванын Украинага «басып кирүүнү» пландары бар имиш деген маалыматтарга комментарий берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости