www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 10-апрелинде Аксы районунун борбору Кербен шаарында Элдик жыйын өткөрүлүп, анда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан социалдык-экономикалык саясатын жана коррупцияга каршы күрөшүү программасын колдоого алуу чечими кабыл алынганы белгилүү болду.

Элдик жыйында бир топ маселелер талкууланып, натыйжада атайын токтом кабыл алынган. Анда президенттин саясатын колдоого алуу менен бардык бийлик бутактарын жана саясий күчтөрдү президенттин айланасына биригүүгө чакырылган. Ошондой эле Аксы районунда мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүүдө мыйзамсыз жана коррупциялык схемалар бар экендиги белгиленген.

Негизи эле аймактарда кадр саясатын партиянын көз карашы менен эмес, же айрым «ишкермин» деген атуулдар экс-президентке таянып, кадр маселесин чечүүгө кийлигишүүсүнө жол берилбешин суранышкан.

Жыйындын негизинде КР президентине, КР ЖК төрагасына жана КР премьер-министрине кайрылуу жолдонгон. Анда «Кандай гана саясий көз караштарыбыз болбосун, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, элибиз-жерибиздин жана балдарыбыздын келечеги үчүн таза жашоого үндөйбүз», - деп айтылат.

Эске сала кетсек, дал ушул Аксы жергесинде эң биринчи болуп Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы күрөш башталган. 2002-жылдагы Аксы окуясы 2005-жылдагы март революциясынын жана 2010-жылдагы апрель революциясынын башаты болуп калган. Акаевдин бийлиги кулап, анын ордуна келген Бакиев да мурункудан өткөн үй-бүлөлүк, канкор режимди түзгөн. Ошондо да Аксы эли ал бийликке каршы чыгып, сынга алып келген. Андан кийинки бийликти дагы «жансакчылардан, шоопур, катчылардан куралган кландык бийлик болуп калды» деп сындап келишкен.

Ошентип дайыма бийликти сындап келген аксылыктар эми жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп жаткан саясатын колдоого алышаарын билдиришти. Бул өлкөбүздүн келечеги үчүн жакшы жышаананын белгиси. Президент С. Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү демилгесин аймактардан биринчилерден болуп Аксы эли колдоп чыкты. Албетте, башка аймактар дагы коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү демилгеси абдан туура коюлганын билдирип келишет. Демек, элибиз эми чындап акыйкат бийликтин орнооруна зор ишеним артып турушат десек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости