www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектик дизайнер Никита Тарасенконун президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүнө жазган тамаша сөздөрү боюнча экспертиза дайындалат. Тарасенко 29-сентябрда Башкы прокуратурага чакырылып, түшүнүк кат жазган.
"Сурак болду. Мага иш жабыла электигин айтышты. Административдик иш катары экспертиза дайындалат экен. Андан соң анын негизинде сот аныкташы мүмкүн,"- деп билдирген.
Дизайнердин айтымында, прокуратурага белгисиз адам "Тарасенко президентти мазактап жатат" деген арыз менен кайрылган. Ошондон кийин Тарасенкого Башкы прокуратурадан телефон чалып, сүйлөшүүгө чакырышкан.
Эске сала кетсек, буга чейин Никита Тарасенко менен Дмитрий Ложников Сооронбай Жээнбековдун алгачкы эс алуусундагы сүрөттөрүн мазактап шылдыңдап чыккан.
Булак: NazarNews.kg