www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри кылып дайындады. Бул тууралуу 8-февралда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Сердар Бердымухамедов

38 жаштагы Сердар Бердымухамедов былтыртан бери Ахал облусунун башчысы болуп иштеп келген. Түркмөн лидеринин уулун кезектеги жогорку кызматка дайындашы “мураскерди” таптоо аракети катары кабыл алынууда.

Жаңы кызматта кенже Бердымухамедов Ахал аймагынын жаңы борборун куруу боюнча амбициялык долбоорду ишке ашыруу менен алектенери пландалууда. Өткөн аптада президент Гурбангулы Бердымухамедов жаңы калааны курууга 1,5 миллиард доллар бөлүү боюнча жарлыкка кол койгон.

Ахал аймагы - өлкөнүн борбору Ашхабад шаары жайгашкан, Иран жана Ооганстан менен чектеш, стратегиялык жактан маанилүү ири облус. Бердымухамедовдор ушул аймакта туулуп-өскөн.

Сердар Бердымухамедов буга чейин тышкы иштер министринин орун басарлыгын аркалаган. Ошондой эле түркмөн парламентинин мүчөсү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости