www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиевдин Жети-Өгүз районунун Таш-Кыя айылында бир дагы социалдык объект жок деген сөзүнө жооп кайтарды.

Өкүлүчүлүктүн маалыматы боюнча, Таш-Кыя айылы Челпек айыл өкмөтүнө карайт, Каракол шаары менен чектеш жайгашкан.

«Таш-Кыя айылында ФАП бар. Мектептеп окуучулары көпчүлүгү Каракол шаарындагы мектептерде билим алат, себеби аларга жакын. Челпек айылына жакындар Искаков мектебинде окушат. Жыл башында билим берүү министри келип көрүп кеткен», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости