www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Искусство тили менен көп нерсени туюнтууга болот. Мүмкүнчүлүк чексиз. Тек, ага кимдин жаратмандык дарамети жетсе, иштин мартабасы ошого жараша чечмеленип бийиктейт, жаки төмөндөйт. Интеллект –искусствонун ачкычы.

Ошол интеллектуалдык ачкыч колдорунда жогунан улам динчилдердин примитивдүү фантазиясынан жаралган береги коллажга келсек, Абдышүкүр Нарматов мени нокаутка урган көрүнүштүн мотивдерин чечмелеп берели эми.

Арийне, акыл таймашына келгенде күчү, дарамети чектелүү адам гана муштумун түйөт. Маданий деңгээлде диалог курууга жарамсыз адам кара күчкө калкалангандан бөлөк не кыла алмак. Динчилдер мага акыл интеллектилери менен сокку кылууга чамалары чак болгон үчүн ушул коллажды ойлоп тапкандан башкага жарабады.

Диний коомчулуктун полемикага жөндөмү жоктугун нарматовчулар ушул коллаж аркылуу туюнтушту көрүнөт. Болуптур, Абдышүкүрдүн мага ооз ачпай, тилин тишине катып жооп бербегенин Нарматовдун мага жасалган нокауту деп түшүнөт экен динчилдер.

Атүгүл ушул коллажды жасап алышып, интернетке жайылтып атышканына өздөрүнчө маашырлана беришсин. Мен бул макаланы чычалагандан улам жазып отурган жерим жок, тескерисинче, динчилдерди кантип жалпайта ура турган куралды мага өздөрү карматты. Ошол коллаж-курал менен эми динчилдердин өздөрүнө жооп берүүнүн кыябы келип туру.

Шарият түшүнүгү менен гана чектелген динчилдердин акылы искусство закондорунун арибин тааныбаганы ушул – Нарматовдун тилин тишине катып отурганын мага жасаган нокаут катары түшүнүшкөнү…

А азырынча ким кимди нокаутка урганын окурмандардын акыл таразасына коё туралы. Кеп башкада. Агер Абдышүкүрдүн адеп-аклагы таза болгондо «РухЭш» сайты жарыялаган фактыларды төгүнгө чыгарабы же мойнуна алабы, айтор, фактыга факты менен жообун берип, андай эмес, мындай десе, динчилдер күткөн нокаут ошондо болмок.

Ал эми аталган коллаждын мазмунун дагы тереңдетсек, кептин тузу ушул жерде, окурман. Соцтармактарда Чубак ажы же Абдышүр ажынын таламын талашкандар маданий деңгээлде диалог курууга жарамдуу экенин көргөн, билгениңер барбы?

Атаандаштарына карата колдонгон лексикондорун баамдап отуруп, оозго алгыс сөздөрдүн курамынан турган жооптору таңгалтырат. Беш маал намаз окуган чала молдолордун сабырсыздыгын, сабатсыздыгын көрүп, диний ыйык жай делген мечит аларга кайсы ыйманды, нарк-насилди үйрөтөрү суроо жаратат. Агерде чала молдолордун көкүрөктөрүндө ыйман уялаган болсо, примитивдүү мотивдеги коллажга түшүрүлгөн көрүнүштөн өздөрү уялып, биз өзүбүздү кара күчтүн символу катары көрсөтпөйлү деп кымырышмак.

Тескерисинче, Абдышүкүр Олжобай Шакирди нокаутка урган ал образды интернет айдыңында кеңири жайылтып, өздөрүнүн подсознаниелеринде катылып жаткан диний агрессияны мындан ары да чечкиндүү жайылта берүүгө мүмкүн экендигин туюндуруп жатышкан жокпу?!

Агер психологиялык аныктамага келе турган болсок: Нарматовдун соккусу – светтик коомду нокаутка уруу деген ишарат ко! Коллаждагы негизги символ ушуну туюндурат! Же динчилдердин мындай ишаратына мамлекеттин, улуттун коопсуздугун көзөмөлгө алып отурган атайы кызматтардын түшүнүгү жетпейби?

Бүгүн Олжобай Шакирди нокаут кылгандар эртең жалпы кыргыз элине ислам диктатурасын орнотор өктөмдүгүн туюнтуп жаткан жокпу?!

Ал эми А.Нарматовго кошомат кылуу үчүн «медвежья услуга» кылгандар туурасында өзүнчө сөз кылабыз.

Олжобай Шакир

Булак: "ruhesh.kg"

Последние новости