www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Би-Би-Си журналы журналист Мартин Башир 1995-жылы белгилүү принцесса Дианадан үй-бүлөнүн кыйрашы, ишенимсиздик жана депрессия жөнүндө сөз кылган интервьюсуна байланыштуу жаңы иликтөөсүн жарыялады.

Кабарчы ханшайымдын үй бүлөсү менен болгон мамилесин бузган маегине ханбийкени жардамчылары ал тууралуу маалыматты жардамчылары репортерлорго акчага сатып жүрөт деп алдап көндүргөн деп айыпталууда. Мындай маалымат биринчи жолу 1996-жылы жарыяланган. Башир Дианага жасалма банктык көчүрмөлөрдү көрсөткөнү белгилүү болуп, андан кийин ханбийкенин айланасындагылар анын жашоосунун деталдары жөнүндө таблоиддер менен бөлүшүп, ал үчүн акча алышат деп жалган айтканы белгилүү болгон. 

Би-Би-Синин ички аудитинин натыйжасында, банк баракчалары чындыгында жасалма экени аныкталган - алар журналисттин талабы боюнча дизайнер Мэтт Висслер тарабынан иштелип чыгарылган. Адистер мындан башка факттар ханбийкенин интервью берүүсүнө таасир этпейт деген бүтүмгө келишкен. 

Ошол эле учурда, Диананын тегерегиндеги адамдар алгач ханбийке журналист менен сүйлөшкөнүнө кубанычта болгонун, бирок маектешүү эфирге чыккандан кийин ал жаңылыштык кылганын түшүнгөнүн айтып келишет. 

Падышанын үй-бүлөсү бул билдирүүлөргө азыркы учурда комментарий бербей келишет. Баширден да тергөө иштери боюнча эч кандай комментарийлер тарай элек. 

Эске салсак, ханбийке Диана 1995-жылы журналистке берген маегинде падышанын үй-бүлөсүндө бактысыз экендигин айткан. Ошондой эле ал принц Чарльз менен никеси кыйроого учурап жаткандыгын мойнуна алган. Анын сөзүнө караганда, жубайларлар узун убакыттан бери чогуу жашабай келишкен жана бири-биринин көзүнө чөп салып жүрүшкөн. Дал ушул интервьдан кийин принц Чарльздын азыркы учурдагы жубайы менен Диананын көзүнө узун убакыттан бери чөп салып жүргөнү жалпыга маалым болгон. Мындан тышкары, ханбийке депрессия, булимия оорулары жана өз өмүрүнө келтирген физикалык зыян жөнүндө ачык айтып берген. Маекти 23 миллион адам көрүп, бир айдан кийин Диана менен Чарльз ажырашып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости