www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гонконгдук профессор Кхо Ким Сун аялы менен кызын йогада колдонулуучу топтун жардамы менен өлтүргөн деп күнөөлөндү. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды.
Эркек киши Гонконгдогу Кытай университетинин анестезиология жана ыкчам дарылоочу терапия боюнча Департаментинде иштеген.
Ал жаман оюн мындан үч жыл мурда ишке ашырган. Аялынын автоунаасына йогада колдонулган кадимки эле топко исти толтуруп, ага тешикче жасап, салып койгон.
Анын кесепетинен 47 жаштагы жубайы менен 16 жаштагы кызы ис уруп каза тапкан.
Тергөө профессор ошол учурда студенти менен жакын мамиледе болгонун аныктап чыккан. Окумуштуу университетте уулуу газды колдонгон изилдөө жасаган. Анткен менен адистер анын эмгеги эч кандай илимий изилдөөгө керек деле болбогондугун айтышкан.
Кхо Ким Сундун экспериментине көңүлдөшү жардам бергендиги да айтылды.
Профессор эки топко уулуу газды толтуруп, үйүнө алып келген. Ал тергөө учурунда муну чычкандарды жок кылуу үчүн жасагандыгын айтып берген.
Сотто киши күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анткен менен прокуратура профессор топту билбей эле салып коюшу мүмкүн эместигин, аны атайын жасагандыгын айтууда.
Каргашалуу планга 16 жашар кыз капыстан кабылып, курмандык болгон. Себеби, ал күнү өспүрүм мектепке барышы керек эле деп жазган басылма.
Булак: "Спутник"