www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан профсоюздар Федерациясы дегенде жакшы, мактоого татыктуу сөздөр-ойлор тилекке каршы келбей калды. Кыргызстан профсоюздар Федерациясы дегенде анын шайланган эмес дайындалган төрагасы “банщик” Мирбек Асанакунов эске келет экен. Кыргызстан профсоюздар Федерациясы дегенде ал уюмдун ичинде гүлдөгөн өттө чоң коррупция элестесе болот.
Жакында, ирисе да, чирисе да Федерациянын кеңешинин мүчөлөрүнө катардагы профсоюзчулардан кайрылуу болуптур, ошол кайрылуу биздин редакцияга орус тилинде кат катары да келди. Карапайым профсоюзчулардын арыз-мууну боюнча Мирбек Асанакунов накта боткону кайнатып жатыптыр. Ал биринчиден КПФын курамына кирген (Кыргызстан профсоюздар Федерациясы) Кыргызкурорттуризм башкармалыгын жоюп салыптыр, ал башкармалык эмгекчилдердин санаторий-курорттордогу эс алуусун жана ден-соолуктарынын чындоо-дарылоосун пландап, даярдап, камсыздап, элдердин камын коргон чоң иш кылган чакан башкармалык эле. Жою чечими тартипке дал келбей Асанакунов менен жеке кабыл алынган, ал киши Кеңештин мүчөлөрү менен акылдашпай туруп, көбү жок учурунда, айрымдарынан телефон аркылуу эле ооз-эки макулдугун алып чечип салыптыр.
Эмнеге мынча шашты, мыйзамдуу эле, кворум менен башкармалыкты ликвидация боюнча токтомдорду чыгарса болобойт беле деген суроону биз берсек, профсоюзчулар мындай жооп беришти:
Биринчиден - Мирбек Асанакунов КПФны башкарып баштагандан күндөн бери азыркы күнгө чейин Кыргызкурорттуризм башкармалыгында 115 млн.сом кридитордук карыз бар эле, анын ичинен 83 млн.сом дибитордук карыздар болчу, ортодо 32 млн.сом түшүнүксүз түрдө асманда калып калды, кайда кеткени белгисиз. Ушул олчойгон акчаны сол жакка кеткенин жабыш үчүн Асанакунов шашкалактап Кыргызкурорттуризм башкармалыгын жоюга шашты.
Ал эми экинчиден болсо, Мирбек Асанакуновдун башкармалыкты жою чечимин кабыл алган дагы бир себеби бул, анын профсоюздук пансионаттарга, санаторийлерге жеке кызыкчылыгы бар экени. Учурда Асанакунов банкротго алып келүү процедурасын «Чолпон-Ата», «Ош» толугу менен киргизди. Андан тышкары киреше алып келип жаткан мыкты «Көгүлтүр Исык-көл», «Жалал-Абад», «Ысык-Ата» санаторийлерине дагы көз артып, ал жактагы жетекчилердин креслолорун сатып, ошол жака өз кишилерин алып барып, акырындык менен банкротго алып келип, анан сатыкка чыгарып, акционердик компанияларга айлантуу максаты ачык болуп калды, деп арманын айтып жатышат профсоюзчулар.
Булак: NazarNews.kg