www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк жана турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлүп, прокурордук чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Атап айтканда, Кадамжай районунда эки жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтери тапшырылды. Жети-Өгүз районунда жетим балага тиешелүү мурастык мүлк мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталып, прокурордук чаралардын негизинде анын менчик укугу калыбына келтирилди.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунда жети өспүрүм баланын турак жай куруу үчүн жер тилкесин кезексиз алуу укуктары камсыздалып, аларга жер тилкелер жана батирлер берилип, тиешелүү документтер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-бер. жана Турак жай кодексинин 43-бер. талаптарына ылайык, баланын турак-жайга укуктарынын кепилдиктери турак жай мыйзамында каралган тартипте камсыз кылынат, жашоо үчүн турак-жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу кепилдиктери каралган.
Прокуратура органдары тарабынан жетим балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо багытындагы иштер мындан ары да улантылат.