www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура Бишкектин Свердлов райондук сотунун иликтөөчү журналист Болот Темировду актаган чечимине каршы сотко арызданды.
Бул тууралуу Темиров өзү "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, көзөмөл органы Темиров 2010-жылдын 26-октябрында "Кыргызстандын жаранынын мыйзамсыз алынган паспортун" көрсөткөнүн белгилеген. Ошол эле учурда прокуратура Темировдун иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда баңгизат табылганын жазган.
"Иштеги күбөлөр тергөөдө да, соттук териштирүүдө да Темиров өзү чөнтөгүнөн кандайдыр бир зат салынган нерсени алып чыкканын айтышкан. Сот актоо өкүмүндө бул көрсөтмөлөрдү төгүнгө чыгаруучу жүйөлөрдү келтирген жок", — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Болот Темиров "прокуратурада күнөөсүздүк презумпциясы деген түшүнүк" жок экенин "Азаттыкка" комментарий берип жатып билдирди.
"Видео материал негизги далил катары таанылганы менен, аны жүргүзүүдө мыйзам бузуулар болгонун жашырууга болбойт. Баңгизат кимге таандык экени биздин маселе эмес, бул прокуратуранын маселеси. Бул тинтүү учурундагы процессуалдык мыйзам бузуулар боюнча соттун корутундусун эч кандай жокко чыгарбайт", - деди Темиров.
28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ага байланыштуу да актоо чечими чыккан. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгиледи. Ал эми документ жасалмалоо деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген.
Журналистти жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.
Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.
Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.\
Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.
Журналисттин ишине "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмалоо" деген эки берене да кошулган.
Булак: NazarNews.kg