www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда чек арадагы чагымчылыкты эскертип туруу үчүн 120 мобилдик топ түзүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын парламентинин сайтында жазылган.

Маалыматка ылайык, мобилдик топтун курамына ИИМ, Мамлекеттик коопсуздук кызматы, Улуттук гвардия жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери кирди.

"Бул топтор коңшу мамлекеттерде түзүлгөн социалдык-саясий кырдаалдын таасирин алдын алуу жана калктын тынч жашоосун камсыз кылуу максатында уюштурулду", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, коңшу өлкө чек арага жакын жайгашкан аймактарында "Чегара-тозалаш" ("Чек араны тазалоо") аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөргөн. Анда күч түзүмдөрү жергиликтүү малчы, мергенчи жана токой чарбасынын кызматкерлери менен чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости