www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокурор  соттон Кайрат Сатыбалдыны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга эркинен ажыратууну жана 10 жылга чейин мамлекеттик иштөөсүнө тыюу салууну сурады.

Мамлекеттик айыптоочу ошондой эле анын “Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын генерал-майору” наамынан ажыратууну, “Курмет”, “Парасат” деп аталган мамлекеттик ордендерин алып салууну өтүндү.

Сатыбалды сотто процессуалдык келишимди колдой турганын тастыктады. “Урматтуу судья, прокурордун айткандарынын баары процессуалдык келишимде бар жана кошумчалай турган эч нерсем жок”, — деди Сатыбалды.

Жабырлануучу тараптын өкүлү сотто “чыгымдын орду толтурулганын” айтып, жарандык доону кароосуз калтырууну сурады.

Соттук кароо учурунда Кайрат Сатыбалды “Казахтелеком” компаниясына жана “Транспорттук сервис борборуна” 12 миллиард теңге жана 28 миллиард тенге чыгымды төлөп бергени маалым болду.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында жүргөн. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген. Кайрат Сатыбалды мартта кармалган, ошондон бери камакта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости