www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Психолог адамды бат чарчата турган кесиптерди атады

Өтө көп адам менен тыгыз байланышта иштеген кесиптин ээлери эмоционалдык жактан бат чарчайт. Бул тууралуу психолог Елена Селезнева жазды.

Анын айтымында, мындай кесип ээлерине: мугалимдер, медиктер, соцкызматкерлер, Укук коргоо органдары, куткаруучулар, сатуучулар жана менеджерлер кирет.

«Дайыма стресс абалында жүрүү, жумуш, командировканын көптүгү, кесиптештер ортосунда ушак-айың, аз айлык, демалышсыз иштөө мунун баары адамды чарчатып жиберет. Мындай абалдан чыгуу үчүн адам жумушу менен үй-бүлө, хоббинин ортосундагы балансты сакташы керек. Башкача айтканда, аларды чогуу алып кеткенге аракет кылганы оң.

Жумушунан чарчаган адам кесиптеш, жетекчилиги менен тил табышып, ишенимине кирип, кайсы тапшырма анын көңүлүнө жагар-жакпасын чечип алганы жакшы. Маселен, жумушта эмне жагарын, эмне көбүрөөк кыжалат кылып жатканын билиши керек.

Андан соң «бүгүн бактылуумунбу, эртең мындан да жакшы болуш үчүн эмне кылышым керек?» деген эки суроого жооп берип көрсүн» дейт психолог.

Булак: Азия News гезити

Последние новости