www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 1-ноябрынан тартып Кыргызстанда коронавирустук инфекцияга байланыштуу өзгөчө абал режими алынып салынат. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим Кыргызстандын аймагында (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жана коронавирустук инфекция оорусуна чалдыккандардын катталуусунун төмөндөшү уланып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Белгилесек, өзгөчө кырдаал режими КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругу менен калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында киргизилген. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын пандемиясын жарыялоосуна жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын учурларынын аныкталгандыгына байланыштуу болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал турукташкан. Жарандардын арасында коронавирустук инфекциянын катталган бардык учурлары жеңил, же симптомсуз түрдө өтүүдө, оор же өлүмгө алып келген учурлар катталган эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости