www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин доорунда парламентте “короз- булбулга” айланган Рыскелди Момбеков деген бар. Ал бул парламентке СДПК аркылуу келсе да Атамбаевге тийиштик кылып сүйлөй турган. Андан соң Текебаев менен ымаалашып Атамбаевге каршы аткан ок болду. Жээнбеков президент болгондо элдин бары Атамбаевге жаман сөз айта баштаганда бир аз сууп калды. Текебаев карабай сызып кеткенде кайрадан Атамбаевге оогон. Азыркы президенттин жинине ар дайым тийип, сындап жүргөн Рыскелди Момбеков да сүрмө топ менен камаларда таасирдүү кызматтагы таластык үкасы болушуп, бир шанс сураганы болжонууда. Бул туугандын атын атабай туралы. Кези келгенде жакшылыгы айтылса керек. Эми Рыскелди мырза бийликке азуусун шакылдатып, тишин кайрай береби, же үкасынын боор тартканы үчүн тизгинин жыябы? Ай ким билет? Атагы мурункудай угулбаса да Момбеков моменти келгенде катуу айтып салат.

“Тилде сөөк жок” дегендей, Момбеков ыңгайы келгенде моокумун кандыра жамагын келтирип, жардан алыс учурчудай эле жамандаса керек. Азырынча атакеси Атамбаевдин колтугундабы же башка колтукка кире качтыбы белгисиз. Башкы прокурор Курманкул Зулушев жеңин түрүнүп алып ишке кирише баштагандай. Кантсе да учурунда азаттык алып келген адамдарын коргой баштагандай. Ал көптөн бери дипломду сатып алган «чиништерге» каршы чабуул баштаганын билдирип жүрөт. Экс-депутат, СДПК фракциясынын мүчөсү Рыскелди Момбеков жалган диплом менен жүрөт деген сөз менен депутаттыкка талапкердигин алып салган. Бирок БШК тыкыр текшерип мурунку 2020-жылы «Ата-Мекен» партиясы менен парламентке жарышка чыгып, 2021-жылы социал-демократтар менен жарышка чыгып жаткан Рыскелди Момбековго парламенттик шайлоого жарышка чыгууга уруксат берген. Социал-демократтар парламенттик шайлоодон жеңилип, Рыскелди Момбеков мурунку атаандашы Элвира Сурабалдиева менен атаандаш болуп катталган. Бул жолу БШК ага уруксат берген эмес. Азыр бир гана Рыскелди Момбеков эмес бардык атка минерлердин дипломдору катуу изилденип жатканын Башкы прокурор Курманкул Зулушев саймедиреди.

2020-жылы «Ата-Мекенчи» Сурабалдиева менен Момбековдун ортосунда «служебный роман» болду беле? 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясынын катарына Эльвира Сурабалдиева менен Рыскелди Момбеков киришкен соң, экөө нике кыйып алышыптыр деп, бир топко сөз болгон. Биздин кесиптешибиз, «чимкирик» депутаттардын арасында «чимкирик эмес» депутат Рыскелди Момбеков үйүндө жаркылдаган жары турса, мультимиллиардер «чимкирик депутат» Сурабалдиеваны башына урабы? Кантсе да эркек эмеспи, эптеп тешик таап акчасына чабуул жасаса керек, тегин жерден сөз чыкмак беле? Бирок Сурабалдиева башаламандыктан пайдаланып вице-премьер болуп кетип Рыскенин жалбырттап бараткан сезимдерине суу себилип калды.

Биротоло башынан баштайлы. Феликс Кулов 2007-жылы жазында “Бириккен, Фронт” кыймылына Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Өмүрбек Суваналиев сыяктуу оппозиционерлердин башын кошуп, бакиевдик бийликке каршы аттанат. “Бириккен, Фронт” кыймылынын маалыматынын башын мыкчып, азыркы депутат Рыскелди Момбеков, күлүгүн жайдак чаап, ары-бери тепкилеп турган. Өкмөт башчысы болуп келип: “Мен билбей жүрүпмүн, Курманбек Салиевич адамдын сырттаны турбайбы” - деп анталаңдап турган Атамбаев Феликс Куловду “Бириккен, Фронт” кыймылына кошуп жанчат. Кулов, Сариев, Момбеков, Суваналиев, Текебаевдерди “текеге” теңеп, аны ээрчиген элди “эт комбинатына бараткан малга теңеп”, оппозициянын таш-талканын чыгарат. Феликс Кулов миниГЭСтерди жетектеп, Өмүрбек Суваналиев Нарын облусуна губернатор болот.

2007-жылы Бабырбек Жээнбеков “Алиби” гезитин жарыкка чыгарып, анын башкы редактору Элнура Кулуева болгон. 2007-жылдын аягынан башкы редакторлукту Бабырбек Жээнбеков өзү алып, “Бириккен, Фронт” кыймылынын маалымат жетекчиси Рыскелди Момбековду орун басарлыкка алат. “Алиби” гезити бийликке каршы чыгып, улам алмашып турат, 2008-жылдын күзүнөн бул гезит жабылып, ордуна “Ачык саясат” гезити чыга баштайт. Ал эми 2009-жылы “Ачык саясат” гезити экиге бөлүнүп кетет, президентке талапкер Алмазбек Атамбаевди колдогондор Рыскелди Момбеков менен “Эл үнү” гезитине Медиафорумга кетишет. Кийин “Эл үнү” “Форум”, “Фабула” деп аталат. Президентке талапкер Темир Сариевди колдогондор Бабырбек Жээнбеков менен “Назар” гезитин түзүшөт.

Рыскелди Момбеков “Форум” гезити менен 2010-жылы бийликти алмаштырууда чоң роль ойногон, Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң ал маданият агентчилигин жетектеп, ошол кезде бул агентчиликти министрлик кылууга салым кошкон. 2010-жылы июлда Маданият министрлигин техникалык өкмөт түзүшкөн Садык Шер-Ниязга өткөрүп, СДПК партиясын сүрөп шайлоого өткөн. Андан соң анын шыбагасына  “Учкун” концерни туш келет. 2015-жылы парламенттик шайлоодо СДПК фракциясынын депутаты болгон. Рыскелди Момбеков ушул парламенттин оратор депутаттарынын бирине айланат. Анын куйкум сөздөрү жер-жерлерге тараган. Акыйкат үчүн айтып коюшубуз керек, Рыскелди Момбеков таластыктар үчүн эч нерсе кылбаса да, уктап жаткан депутаттардан айырмаланып, оозу бош турбай опурула сүйлөп, далай атка минерлерди сыздатып келгени чындык.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости