www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Филиппинде сел жана жер көчкү 42 адамдын өмүрүн алып кетти, ондогон адамдар дайынсыз болууда. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Кечээ, 28-октябрда Филиппиндин издөө-куткаруу топтору каза болгондордун сөөгүн суудан жана коюу баткактан чыгарышып, бороон-чапкындан жабыркагандардын аралык статистикасынын жыйынтыгын чыгарышты.

Бангсаморо автономиялык районунун ички иштер министри Нагиб Синаримбо тропикалык бороон-чапкындан эң көп жабыркаган Магуинданао провинциясында 11 адамдын сөөгү табылганын билдирди. Түнкүсүн куткаруу иштери токтотулуп, бирок дайынсыз жоголгондорду издөө бүгүн эртең менен улантылды.

Филиппиндин борбордук бөлүгүндөгү Самар провинциясында миңдеген адамдар эвакуациялады.

"Магуинданао провинциясында жааган жамгыр биз күткөндөн ашты. Даярдыктар көрүлдү, бирок тилекке каршы, жаан күтүлгөндөн көп болду", - деп түшүндүрдү Нагиб Синаримбо.

Басылма белгилегендей, жер көчкү жана суу ташкындары Филиппинде көп кездешет. Ал жакта жылына орто эсеп менен 20 тайфун болот.

Ылдамдыгы 75 км/саат болгон Налгае тропикалык бороону, миңдеген адамдар бардык жандардын күнүн майрамдоо үчүн өз шаарларына барууну пландап жатканда, каттамдардын токтотулушуна алып келди. Мектептер жабылып, бир нече порттордун иши токтоп калды. Жергиликтүү аба ырайы бюросу бороон Филиппин деңизинин үстүнөн жылып баратканда күчөшү мүмкүн экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости