www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Психолог: Эркектер да төрөттөн кийинки депрессияга кабылат

Педагог-психолог Айнек Муратбекова төрөттөн кийинки депрессияга аялдардын 15 пайызы кабыларын айтты.

Британиялык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, ата статусуна ээ болгон эркектердин 3,6 пайызы төрөттөн кийинки депрессияга кабылат. Бул тууралуу Айнек Муратбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш көбүнесе өтө жоопкерчиликтүү эркектерден байкалган.

"Аялдардагы төрөттөн кийинки гормоналдык өзгөрүү, өз келбетин кабыл алуу учуру "бэби блюз" (Baby Blues) деп аталат. Адатта эки жумадан эки айга чейин созулат. Бул абалды төрөттөн кийинки депрессия менен чаташтырбоо керек. Анткени "бэби блюз" бардык эле аялдардын башынан өтөт, бирок андан өрчүп кеткен учурда депрессияга кабылат. Эне макамына жаңыдан ээ болгон аяллдардын 15 пайызы төрөттөн кийинки депрессияга чейин жетери аныкталган. Бул учурду айрым эркектер да өз башынан өткөрөрү белгилүү. Британиялык окумуштуулар жаңыдан ата болгон эркектердин 3,6 пайызы төрөттөн кийинки депрессиядан өтөрүн аныкташкан. Адатта бул өтө жоопкерчиликтүү эркектер же аялдар ушул депрессиялык абалга кептелгендер. Эркектер аялдардай болуп гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болбогону менен социалдык өзгөрүү, экономикалык жоопкерчилик же аялынын төрөттөн кийинки депрессиялык абалы ушуга алып келери белгилүү болгон. Мындай учурда психологдорго кайрылгандан тартынбаш керек", — деди Муратбекова.

Психолог аялдар төрөттөн соң "бэби блюз" учурунда күйөөсүнүн көңүл буруусун мурдагыдан он эсе көп талап кылып каларын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости