www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 23-январда өлкөдө коронавирус жуктурган 23 жаңы учур катталганын билдирди. Тажик бийлиги буга чейин эки айдан бери өлкөдө бир да кишиден COVID-19 табылбаганын айтып келген.
Министрликтин билдирүүсүндө жаңы катталган учурлар коронавирустун кайсы штаммы экени көрсөтүлгөн эмес.
Бүгүнкү күндө Тажикстанда респиратордук ооруларга чалдыккандар көп болуп, ошол эле маалда алардын оорулары жеңил жана тез өтүп жатканы кабарланууда. Мындан улам айрым тургундар өлкөдө COVID-19 жуктургандар жок экени тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүлөрүнөн күмөн санашууда.
Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда коронавирус жуктургандар 17 миң кишиден ашып, 124 бейтап каза болду.
Булак: NazarNews.kg