www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Авто-транспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Чүй райондук жана Токмок шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу аялга айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, факт 2015-жылы катталган. Аталган эки аймактык бөлүмдүн өкүлдөрү “В, С” категориясындагы автоунаа айдоого уруксат берген С.А. аттуу жаран Республикалык психикалык оорулар боюнча борбордо каттоодо турат жана эки-топтогу майып болуп саналат.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости