www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоого барууну көздөгөн партиялардын атайын эсептериндеги акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө кулак кагыш кылды.

Ушул убакка чейин "Ата Мекендин" өзүнүн эсебинде 41 миллион 400 миң 620 сом салып, 36 миллион 950 миң 610 сом сарптады.

"Мекенчил" партиясынын фондунда 86 миллион 753 миң 491 сом болгон, 10 миллион 785 миң 669 сом сарпталган.

"Социал-демократтар" 8 миллион 642 миң 760 сом болсо, 8 миллион 535 миң 966 сом сарпташкан.

"Бир Бол" партиясынын фондуна 34 миллион 189 миң 156 сом түшкөн, 33 миллион 865 миң 396 сом сарпталган.

"Республика" өзүнүн эсебине 21 миллион 821 миң 655 сом салган, анын 20 миллион 639 миң 151 сому буга чейин сарпталган.

“Бүтүн Кыргызстан” 5 миллион 858 миң 400 сомду каттап, 5 миллион 745 миң 266 сом сарптады.

Биримдиктин эсебинде 97 миллион 399 миң 900 сом болсо, 86 миллион 753 миң 491 сом сарпталды.

"Кыргызстан" партиясынын эсебинде 71 миллион 579 миң 622 сом болсо, 71 миллион 461 миң 368 сом сарпталды.

"Мекен Ынтымагы" 6 миллион 676 миң 838 сомду эсепке киргизди, 6 миллион 603 миң 620 сом сарптады.

"Замандаш" партиясы 36 миллион 510 миң сом, 35 ​​миллион 414 миң 723 сом сарптады.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын эсебинде 94 миллион 180 миң 238 сом, 90 миллион 445 миң 319 сом сарпталган.

Шайлоо мыйзамына ылайык, банк же башка мекемелер шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жума сайын саясий партиянын атайын эсебинде турган акча каражатынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости