www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Федерация Кеңешинин мүчөсү Алексей Пушков Орусия, Сауд Арабия жана башка ОПЕК+ өлкөлөрүнүн мунай өндүрүүнү олуттуу түрдө кыскартуу чечими Батыштын пландарына каршы чабуул болоорун билдирди. Ал өз пикири менен Telegram каналында бөлүштү.

Сенатордун айтымында, Москва Евробиримдик өлкөлөрүнүн Орусиянын энергетикалык ресурстарына баа чегин киргизүүсүнө ушундай жооп берет. "Бул орусиялык мунайга баа чегин киргизүүгө, ошондой "шып" идеясына түз жооп болот. Иш таштоого жооп кайтаруу", - деди саясатчы. Пушков кошумчалагандай, энергетикалык согушка жаңы өлкөлөр кошула баштады.

Буга чейин Financial Times гезити Орусия, Сауд Аравиясы жана башка өндүрүүчүлөр 5-октябрдагы ОПЕК+ жыйынында мунай өндүрүүнү олуттуу кыскартуу боюнча чечим кабыл алаарын жазган. Булактардын айтымында, Москва менен Эр-Рияд өндүрүштү суткасына 1-2 миллион баррелге кыскартууну талап кылууда, бирок анын так өлчөмү азырынча белгисиз. Аналитиктердин болжолунда, мындай кадам АКШнын реакциясын, анын ичинде стратегиялык запастардан мунай чыгарууга алып келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости