www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус президенти Владимир Путиндин БРИКС саммитинде аралыктан сүйлөй турчу сөзү 23-августка белгиленген. Президент саммиттин бардык талкууларына катышат, деп билдирди түштүк африкалык БРИКСтин Шерпа Анил Суклал SABC телеканалында.
Суклалдын айтымында, Владимир Путин саммитке катышуу үчүн Түштүк Африкага келбөөнү өз алдынча чечкен.
БРИКСтин саммити 22-24-августта Йоханнесбургда өтөт. Орусия менен Түштүк Африка Республикасы Владимир Путиндин катышуусунун варианттарын Эл аралык кылмыш соту аны камакка алууга ордер чыгарган март айынан бери талкуулап жатат (Түштүк Африка Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясында).
19-июлда Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафосанын кеңсеси орус президенти саммитке келбей турганын, ал эми орус делегациясын тышкы иштер министри Сергей Лавров өкүлдүк кылаарын билдирди. Кийинчерээк Кремль Путин саммитке видеобайланыш аркылуу катыша турганын тактаган.
Булак: NazarNews.kg