www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-кылымдагы эң коркунучтуу америкалык хакерлердин бири Кевин Митник 60 жашында Лас-Вегаста каза болду.
The New York Times гезитинин жазганына караганда, адам уйку безинин рагынан улам каза болгон.
Митник 1990-жылдары өлкө боюнча компьютерлерден миңдеген кредиттик карт файлдарын уурдаганы, ошондой эле ар кандай компьютердик системаларды жана телефон түйүндөрүнө зыян келтиргени менен белгилүү. Ошол кезде АКШнын чалгындоо кызматкерлери аны "дүйнөдөгү эң көп изделген компьютер хакери" деп аташкан.
Хакердин тарапташтарынын тобу 1998-жылы The New York Times сайтын бир нече саатка басып алып, администрацияны ишти токтотууга мажбур кылышкан. Бир жылдан кийин Митник алдамчылык боюнча күнөөсүн мойнуна алып, түрмөгө кесилген.
Жазасын өтөп бүткөндөн кийин коопсуздук боюнча кеңешчи болуп иштей баштаган жана жазуучу, публицист болгон.
Булак: NazarNews.kg