www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы 3-4 айдын ичинде Орусия Африканын айрым өлкөлөрүнө 25-50 миң тонна эгин берүүгө даяр. Бул тууралуу 27-июлда орус президенти Владимир Путин Орусия-Африка саммитиндеги сүйлөгөн сөзүндө айтып, жеткирүү бекер болорун белгиледи.
Орус лидери эгин жөнөтүлө турган өлкөлөрдүн арасында Зимбабве, Буркина-Фасо, Сомали, Мали, Борбордук Африка Республикасы жана Эритрея бар экенин баса белгиледи.
«Ошондой эле биз бул продукцияны керектөөчүлөргө бекер жеткирүүнү камсыздайбыз», - деди Путин.
Ал ошондой эле Орусия айыл чарба продукциясын дүйнөгө жооптуу жеткирүүчү экенин, андай эмес дегендер фактыларды бурмалап жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 27-28-июлда Санкт-Петербург шаарында экинчи Орусия-Африка өнөктөштүк саммити жана форуму өтүүдө. Ага Африка континентинин 49 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.
Булак: NazarNews.kg