www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда эркек кишинин өлүмүнө шектүү делип, жарандык никедеги аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 23-июлда Бакай-Ата РИИБге адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн. Анда 1988-жылы туулган жаран бычактан алган жаракатынан улам каза болгону айтылган. Бул иш электрондук журналга катталып, тергөө тобу окуя болгон жерге барган.
«Шектүү катары 1989-жылы туулган аял кармалган. Ага карата «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg