www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 АКШ менен Украинанын сейрек кездешүүчү металлдар боюнча мүмкүн болгон макулдашуусу Россияга тиешеси жок, деп билдирди РФ президенти Владимир Путин. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Бул бизге тиешелүү эмес. Баалоонун да, ойлонуунун да кереги жок. Албетте, бул ресурстар канчалык реалдуу, алар канча, алардын баасы кандай – ушуларды баалоо керек. Бирок дагы бир жолу кайталайм, бул биздин ишибиз эмес", – деди Путин "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору, "Россия 1" телеканалынын журналисти Павел Зарубинге.

АКШ президенти Дональд Трамп 3-февралда Вашингтон Киевден финансылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүү боюнча кепилдиктерди күтүп жатканын айткан. Washington Post гезити 14-февралда конгрессмендерге шилтеме берип, Мюнхендеги жолугушууда америкалык чиновниктер Владимир Зеленскийге документке кол коюуну сунуш кылганын билдирген. Бул документ Украинадагы али казыла элек минералдык ресурстардын 50% АКШга өткөрүп бермек.

Зеленский эртеси күнү АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнске бул макулдашууга кол коюудан баш тартканын билдирген. Жума күнү АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц Зеленский жакын арада минералдар боюнча келишимге кол коёт деген ишенимин айткан.

Последние новости