www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Украина эли Владимир Зеленскийге Россия менен кагылышты тынч жол менен жөнгө салууну үзгүлтүккө учуратканы үчүн кечирим бербейт, деп эсептейт Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналында.

"Жоромолдоп көрөлү, эртең (АКШ президенти Дональд – ред.) Трамп чыгып: "Баары бүттү… андан ары өзүңөр" деп айтат. Анан бардыгы Facebook'ка кубаныч менен жазат: "Дякую" (рахмат – ред.) президент Зеленскийге, биз мындан ары согушту уланта алабыз! Кудай сактады, бизди тынчтыкка баруудан алыстатты! Муну үч жылдан бери ротациясыз, өргүүсүз кызмат өтөп жаткан армия кандай кабыл алат? Калк кандай реакция кылат? Зеленский өзүнүн ички күчтөрдөн кулатыларын түшүнөбү?" – деп жазды Дубинский.

Россия президенти Владимир Путин буга чейин Украинадагы кагылышты жөнгө салуунун максаты убактылуу ок атышпоону камсыздоо же күчтөрдү кайра топтоп, кайра куралданууга убакыт берүү эмес, узак мөөнөттүү тынчтык болушу керектигин айткандыгын РИА Новости жазып чыкты.

Последние новости