www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мамлекеттик натыйжалуулук департаментинин (DOGE) жетекчиси, ишкер Илон Маск миңдеген канадалыктар анын Канада жарандыгынан ажыратылышын талап кылган петицияга кол койгондон кийин,” Канада – чыныгы өлкө эмес" деп билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Буга чейин 160 миңден ашуун Канада жараны онлайн-петицияга кол коюп, Маскты Канада жарандыгынан ажыратууну талап кылган. Ошондой эле, 15 миңден ашуун канадалык АКШнын президенти Дональд Трампты персона нон грата деп жарыялоону суранышкан. Петициянын текстине ылайык, 1989-жылы Канада жарандыгын алган Маск өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иш алып барып, анын шайлоолоруна кийлигишип, суверенитетин бузууга аракет кылган чет элдик өкмөттүн мүчөсү болгон.
"Канада – чыныгы өлкө эмес", – деп жазды Маск социалдык тармактагы X баракчасында, петиция тууралуу жаңылыкка жооп кылып.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Канада премьер-министри Жастин Трюдону "Канаданын улуу штатынын губернатору" деп атаган. Бул АКШнын Канада товарларына тариф киргизүү маселеси боюнча пикир келишпестиктеринин фонунда болгон. Кийинчерээк Трамп, эгер Канада АКШнын 51-штаты катары курамына кирсе, Вашингтондун соода тарифтеринен качып, аскердик коргоого ээ боло алмак деп билдирген. Ал эми ишкер Илон Маск, Трамп администрациясындагы Мамлекеттик натыйжалуулук департаментинин (DOGE) башчысы катары, Трюдону "кыз" деп атап, Канаданын АКШ курамына кирбей турганы боюнча анын айткандары мааниге ээ эмес экенин билдирген, анткени ал кызматтан кетип жаткан.