www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина АКШнын аскердик жардамынан ажыраса, курал-жарагынын болжол менен жарымын, анын ичинде эң натыйжалуу түрлөрүн жоготот, деп жазат Politico басылмасы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун (IISS) улук илимий кызматкери Бен Барриге шилтеме кылып.

Буга чейин Wall Street Journal азыркы жана мурдагы батыш чиновниктерине таянып, эгер АКШ аскердик жардамды токтотсо, Киев азыркы согуштук темпти жайга чейин гана кармай аларын, андан кийин украин армиясы ок-дарысыз калып, кээ бир заманбап куралдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн жоготоорун билдирген.

"АКШнын жардамын токтотуу Украинаны курал-жарагынын жарымынан ажыратуу менен гана чектелбестен, эң натыйжалуу үлгүлөрүнөн да кол жууганга алып келет", – деп айтылат басылманын маалыматында.

Айрым америкалык курал системаларын, мисалы, Abrams танктарын жана Patriot абадан коргонуу комплекстерин европалык аналогдор менен алмаштырууга мүмкүн экени белгиленет. Ал эми F-16 истребителдерин Европа өлкөлөрү жеткирүүдө.

Ошентсе да, Литванын тышкы иштер министри Кестутис Будрис айрым америкалык курал-жарактарды, айрыкча узак аралыкка атылуучу ок-дарыларды Европа азырынча толуктай албасын белгиледи.
Украинанын мурдагы тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба болсо, жарым жылдан кийин украин армиясы фронтто курал-жарактын жетишсиздигин сезе баштайт деп тынчсыздануусун билдирди.

Орусиянын реакциясы

Орусиянын көз карашында, Украинаны курал менен камсыздоо тынчтык орнотууга тоскоолдук жаратып, НАТОнун өлкөлөрүн түздөн-түз согушка аралаштырып, "өрткө май чачкандай" таасир берет.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал алып келе жаткан бардык жүктөр Москванын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ жана НАТО согушка түздөн-түз катышып жатат, муну курал жеткирүү эле эмес, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө украин аскерлерин даярдоо да далилдейт.

Кремль Батыштын Украинаны курал менен "толтуруусу" сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзбөй турганын жана бул кадамдын терс кесепеттери болорун билдирген.

Последние новости