www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФ президенти Владимир Путин АКШнын Украинага жаңы залптык от тутумун жеткирүү чечимине комментарий берип жатып мында эч кандай жаңылык жок экенин белгиледи.
Өлкө башчысы "Россия 1" телеканалында "Москва. Кремль. Путин" программасына маек курган.
"Жаңы эч нерсе жок. Биринчиден, мындай системаны украин армиясы азыр деле колдонуп келет. Советтик жана россиялык өндүрүштөн чыккан "Град", "Смерч", "Урагандын" эле аналогу", — деди Путин.
АКШ Украинага залптык от HIMARS реактивдүү системаларын жеткирүү макулдашылганын жар салган. Бирок Киев аны Орусия аймагына сокку уруу үчүн колдонбошу шарт. Зеленский элдин көзүнчө коюлган талапты аткара турганын убадалаган. Бирок Жогорку Раданын депутаты Егор Чернев АКШ жөнөткөн ракеталар Орусияга сокку уруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Зеленский Донбасстагы абалды жөнгө салуу боюнча бир да убадасын аткарбаганын эске салып, Москванын Киевге болгон ишеничи эбак жоголгонун билдирген.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg