www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин жакынкы күндөрү Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухамедов менен биринчи жолугушуусун өткөрөт. Бул тууралуу ТАССка россия мамлекетинин башчысынын пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Ооба, пландаштырылууда", - деп жооп берди Кремлдин өкүлү Путин жакынкы күндөрү Москвада Түркмөнстандын президенти менен жолугушуусу боло тургандыгы тууралуу суроого жооп берип жатып.
Бердымухамедов 12-мартта шайлоочулардын 72,97% добушун алып, президент болуп шайланган. Кезексиз президенттик шайлоо экс-президент - анын атасы Гурбангулы Бердымухамедов саясатта жаштарга орун бериш керек жана мамлекет башчылык кызматын тапшырууга даяр экендиги тууралуу билдирүү жасагандан кийин жарыяланган. Ошол эле учурда ал парламенттин жогорку палатасынын төрагасы бойдон калган.
8-апрелде Орусиянын мамлекет башчысы Түркмөнстандын жаңы президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүп, россия-түркмөнстан стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого эки тарап тең ниеттене тургандыгы далилденген. Путин Бердымухамедовду Орусияга иш сапар менен келүүгө чакырган. Сунуш ыраазычылык менен кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg