www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин:

Россиянын президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнүн электр энергиянын баасын чектөө аракетин сындап, алар уурдап-тоноого көнгөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Путин мамлекеттик кеңештин отурумунан кийин ЖМК өкүлдөрүнө маек берген.

Президент Европа өлкөлөрүнүн экономикасынын көтөрүлүшү Африка, Азия, Латын Америкасындагы кул соодасына жана тоноочулукка негизделгенин, ошондой эле АКШнын бакубаттуулугу кул эмгегин колдонуу эсебинен жана биринчи, экинчи дүйнөлүк согушта өскөнүн айткан.

"Алар талап-тоноого көнүп калышкан. Ал эми экономикалык чөйрөдө рыноктук эмес жөнгө салуу аракети — ошол эле колониялык талап-тоноочулук, жок эле дегенде ошол өңдүү кадам", — деди президент.

Бирок Путин дүйнө өзгөргөнүн, Батыш мындай нерселерди азыр ишке ашыра албайт деген пикирин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости