www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин америкалыктардан үлгү алып жатабы?

Британиянын Daily Mail гезитинин окурмандары Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун Кубадагы ракета кризисинин кайталануу коркунучу тууралуу билдирүүсүнө карата өз пикирлерин активдүү бөлүшүүдө.

Көпчүлүк колдонуучулар болуп жаткан окуялар үчүн АКШны күнөөлөдү.

«Путин күнөөлүү эмес. Бул толугу менен Вашингтондон келген келесоолордун күнөөсү. Орусия Украинага кол салууну каалабайт, бирок Кошмо Штаттары муну так аткарышын каалайт», - дейт окурман.

«Бирок Путин чындыгында америкалыктардан үлгү алып жатат. Алар Советтер Союзун Кубадан кууп чыгуу үчүн эле согуш баштоого даяр болушкан. Мен алар Орусияга Венесуэлада же башка чек арадагы мамлекеттерде ракеталарды жайгаштырууга уруксат беришээрине күмөнүм бар», - деп билдирүү калтырган swissinlondon аттуу колдонуучу.

Башка комментаторлор кооптондурган билдирүүлөрдөн кийин өз өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатышканын айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости