www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин аскердик кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет элдиктерге жөнөкөйлөтүлгөн орус жарандыгын берүү боюнча мыйзамга кол койду, деп жазат РИА Новости.

Алар Орусиянын жарандыгын алуу үчүн жашоого уруксаты кагазын көрсөтпөстөн жана Россияда 5 жыл бою туруктуу жашабаса дагы арыз бере алышат.

Белгилей кетсек, 21-сентябрда Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады. «Аскердик кызматка учурда запастагы жана биринчи кезекте Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктери жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар гана чакырылат. Аскердик кызматка чакырылгандар бөлүктөргө жөнөтүлгөнгө чейин атайын аскердик операциянын тажрыйбасын эске алуу менен сөзсүз түрдө кошумча аскердик даярдыктан өтүшөт», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости