www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Байден менен Трамптын айырмачылыгын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Джо Байден менен расмий жолугушардын алдында америкалык телеканалдардын бирине маек берди. Анда ал АКШнын мурунку жана азыркы президенттеринин ортосундагы айырмачылыкты айтты.

"АКШнын учурдагы президенти Джо Байден мурунку лидер Дональд Трамптан аябай эле айырмаланат. Ал мансаптуу саясатчы, өмүр бою саясатта келе жатат. Ал такыр башкача адам. Бул анын артыкчылыгы жана кемчилиги. Кандайдыр бир импульсивдүү аракеттерге барбайт деп ишенем", - деген ал өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, эки өлкө башчылары 16-июнда Женева шаарында жолугушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости